Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

"Дөөлөт манасчы" даректүү тасмасы тартылууда


Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков тууралуу даректүү тасма тартыла баштады. “Кыргызфильм” киностудиясынын башкы редактору Темир Бирназаров “Азаттык” радиосуна 15-августта билдиргендей, "Дөөлөт манасчы" тасмасы 20 мүнөттүк болот, ал үчүн мамлекеттен 450 миң сомдой акча каралган. Кийин башка да манасчылар жана өнөр адамдары тууралуу тасма тартуу пландалууда:

“Фильмди Ырыс Окенова тартат. Биз “Кыргызфильмден” каражат бөлүп берели деп тематикалык планга киргизгенбиз. Азыр каражатын күтүп жатабыз. Каржы министрлиги акча бөлүп берсе октябрь-ноябрь менен бүтүп калат. Өмүрү, чыгармачылыгы, манасычылыгы жөнүндө болот. Кыргыздын баалуулуктарына басым жасап жатабыз. Кийин акындар, жазуучулар, сүрөтчүлөр жөнүндө да тарсакпы деп тематикалык планга киргизип койдум”.

Дөөлөт Сыдыков 2020-жылдын ноябрында Бишкекте манасчылык өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү максатында тынымсыз 14 саат 27 мүнөт бою «Манас» айткан.

2013-жылдын 4-декабрында «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтиги ЮНЕСКОнун «Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине кирген. 2015-жылдан бери 4-декабрь «Манас» эпосунун күнү деп белгиленип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG