Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмун жетектейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Гүлмира Абдралиева Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчиси болуп дайындалды.

Быйыл февралда Транспорт, архитектура жана байланыш министри болуп дайындалган Гүлмира Абдралиева башка ишке өткөнүнө байланыштуу деген жүйө менен министрлик кызматынан 10-августта бошотулган.

Анын ордуна министр болуп 45 жаштагы Эркинбек Осоев дайындалды. Осоев аталган мекемеде 2006-2017-жылдары иштеп, бир жылча министрдин орун басары болгон. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG