Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:12

Искусство изилдөөчү Екатерина Лузанова дүйнө салды


Екатерина Лузанова.
Екатерина Лузанова.

14-августта 66 жашында искусство таануу илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү искусство изилдөөчү Екатерина Лузанова дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын басма сөз кызматы билдирди.

Лузанова Екатерина Сергеевна 1955-жылы Казакстандын Көкчөтоо облусунун Зерендин районундагы Викторовка айылында туулган. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун "Музыка таануу" жана "Композиция" боюнча эки адистигин аяктаган. Кийин үч жыл бою Республикалык илимдер академиясынын аспирантурасында окуган. 1986-жылы В.И.Корсаков атындагы Ленинград мамлекеттик консерваториясында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

1979-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда музыка таануучу болуп педагогикалык ишмердүүлүгүн баштаган. 1993-жылдан бери Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучулук ишин уланткан. Бул убакыт аралыгында Лузанова мугалимден кафедра башчылыгына жана Кыргыз улуттук консерваториясынын илимий иштер боюнча проректорлугуна чейин жеткен. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG