Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Кезектеги аңчылык сезону башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мергенчилер быйыл да аңчылык сезону учурунда 800дөй кайберен атууга уруксат алышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

14-августта башталган сезон алкагында кулжа-теке, кийик, каман жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилди. Кулжа менен текени атуу октябрь айынын этегине чейин созулуп, декабрдын акыркы жумасында токтойт.

Жыл сайын Кыргызстанда аңчылык кылууга 700 баш тоо теке, 120 аркар-кулжа жана 60дай каман атууга лицензия берилип жүрөт. Тоо текени атууга уруксат алыш үчүн кыргыз жарандары 10 миң сом, чет элдиктер 100 миң сом төлөйт.

Өлкөдө аңчылык чарба тармагында 52 уюм бар, көбү жеке менчик. Алар негизинен чет өлкөлүк жарандарга аңчылык уюштуруп берет.

“Кызыл китепке” кирген жаныбарларга аңчылык кылууга уруксат жок. Бирок ошого карабай илбирс, аюу атып, экологдордун колуна түшкөндөр улам катталып турат.

Адистер өлкөдө жапайы аңчылык башаламан жүрүп жатканын, жаныбарлардын айрым түрлөрүн атууга мораторий киргизүү керектигин айтып келишет.

Кыргызстандын тоо-токойлорунда 46 миң баш кайберендин түрү, 3 миңден ашуун каман бар. Мындан тышкары “Кызыл китепке” киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG