Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

БШК парламенттик шайлоого карата шайлоочуларга кайрылды


БШК.
БШК.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык алкагында шайлоочуларга кайрылып, паспортундагы дарегин бир сыйра тактап коюуга чакырды.

Мекеме белгилегендей, 18 жаштан жогору курактагы, биометрикалык каттоодон өткөн жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болгон адам гана добуш бере алат. Жергиликтүү тургун деп таанылышы үчүн анын паспортундагы дареги чыныгы жашаган жери менен дал келүүсү шарт. Ошондуктан шайлоочулар өзүлөрүн тизмеден тактап, эгер зарыл болсо дарегин тууралашы керек. Бул үчүн каттоо бекеттерине кайрылуу талап кылынат.

Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, келерки парламенттик шайлоодо 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система менен, ал эми 54 депутат бирдиктүү шайлоо округундагы ачык тизме боюнча пропорционалдык система менен шайланат. Шайлоонун мөөнөтү аныктала элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG