Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Москвада киши колдуу болгон кыргыз кыздын иши элчиликтин көзөмөлүндө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада өлтүрүлгөн кыргызстандык кыздын ишин Орусиядагы элчилик көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Ага ылайык, элчилик кызды өлтүргөн адамдын жоопкерчиликке тартылышына көз салат жана кыздын апасына укуктук жардам берет.

Элчиликтин маалыматына караганда, 6-августта Москва облусунун Мытищи шаарында белгисиз киши 19 жаштагы кыргызстандык кыздын сумкасын алып качууга аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөн учурда далысына тогуз жолу бычак сайып качып кеткен. Кыз ошол жерден жан берген.

Бул окуяга шек саналып, 46 жаштагы адам кармалганын, ал тергөө учурунда күнөөсүн мойнуна алганын, учурда тергөө абагында камалып турганын Москванын Тергөө комитети кабарлаган.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл сайын 300гө чамалуу кыргызстандык жарандар чет өлкөлөрдө түрдүү себептерден улам каза табат.

Бейрасмий маалымат боюнча, азыр миллиондой кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда. 2018-жылдан бери өкмөт сырттан “Жүк-200дү” алып келүүгө 50 миң сом бөлүп берүүдө.

Орусияда каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн болжол менен 100 миң сом, Европа өлкөлөрүнөн 300 миң сом (болжол менен 3000 евро) талап кылынат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG