Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:43

Советтер союзунда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине 30 жыл болду


ГКЧП учурундагы Москва
ГКЧП учурундагы Москва

Бүгүн тарыхта ГКЧП деген ат менен калган Советтер Союзундагы мамлекеттик төңкөрүшкө туура 30 жыл болду.

1991-жылы 19-21-август күндөрү Коммунисттик партия менен Коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги (КГБ) консервативдүү күчтөр Өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик комитет (ГКЧП) түзүлгөнүн жарыялашкан. СССР президенти Михаил Горбачевго каршы кутум уюштурган. Алар Советтер Союзун сактап калууну жактаган жана Көз карандысыз мамлекеттер биримдигин түзүлүшүнө каршы туруп, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү токтотууну көздөшкөн.

Бул уюмдун буйругу менен өлкөдө митинг, көтөрүлүштөргө тыюу салынып, маалымат каражаттарынын иши чектелген. Коммунисттик партиядан башка саясий уюмдардын ишине тыюу салынган. Москвага аскердик техника киргизилген. Телеканалдарда болсо жаңылыктар жана атактуу «Ак куу бийи» балети гана көрсөтүлүп турган.

Бирок алар өз максатына жетпей, тескерисинче СССРдин кулашын тездеткен. 1991-жылы 24-августта Михаил Горбачев КПССтин баш катчылык кызматын тапшырганын жарыялаган.

Мындай аракеттерге бир катар союздук республикалардын жетекчилери, анын ичинде Кыргызстандын бийлиги каршы чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG