Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Милиция: Ажатканада табылган ымыркайдын энеси зордуктоого кабылганын айтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында 11-августта ажатканадан табылган ымыркайдын энеси 18 жаштагы А.К аттуу кыз зордуктоонун натыйжасында боюнда болуп калганын милицияга билдирди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Нурдинбек Жээнтаев маалымдады.

11-августта Токтогулдагы үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн наристе табылган, үй ээси милицияга билдирип, жүргүзүлгөн ыкчам тергөө аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарынын тургуну 18 жаштагы А.К. кармалган. Ал милицияга көрсөтмө берүүдө Бишкекте зордуктоого кабылып, боюнда болуп калганын айткан. Бул көрсөтмөнүн негизинде окуяны териштирүү үчүн Бишкек шаарына иштин материалдары берилди. Кызга соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Токтогул райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы учурда ымыркайды энеси менен бирге таежеси карап атканын, алардын ден соолугу догдурлардын көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Токтогулда 2016-жылы да жаңы төрөгөн келин ымыркайын ажатканага таштаган учур катталган. Кылмышка шектүү келин бир баласы менен ажырашкандан кийин, экинчи уулун төрөп, андан баш тартууга аргасыз болгонун милицияга айтып берген.

Кыргызстанда 2021-жылдын алты айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны 46% көбөйгөн.

Улуттук статистика комитети кылмыштардын ичинен киши өлтүрүү 26%, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 34% көп катталганын жарыялады. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG