Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

АКШ БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына онлайн катышууга чакырды

БУУнун Нью-Йорктогу кеңсеси.
БУУнун Нью-Йорктогу кеңсеси.

АКШ дүйнөдөгү мамлекеттердин жетекчилерин сентябрдагы БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына видеоконференция түрүндө катышуу мүмкүнчүлүгүн кароону чакырды. Мындай чара коронавирусту жайылтпоо максатында сунушталууда.

Кошмо Штаттардын БУУнун 192 мүчө-өлкөсүнө жолдогон катында Башкы ассамблеядан башка жолугушуу жана жыйындарды онлайн өткөрүүгө чакырык камтылган.

«Эгерде делегациялар Нью-Йорктогу жыйынга катышууну чечишсе, анда аз адамды алып келүүнү суранабыз»,-деп жазды АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны 21-27-сентябрда Нью-Йоркто өтөт. Учурда АКШдагы эпидемиологиялык кырдаал начарлап, калктын көпчүлүгү коронавируска каршы эмделгенине карабай, аны жугузуп алгандар көбөйүүдө.

БУУнун былтыркы жыйынында пандемиядан улам дүйнө лидерлери видеокайрылуу гана жолдошкон.

​
XS
SM
MD
LG