Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Бишкекте “Менин Эркиндигим” мода көрсөтүүсү өттү


Иш-чараны BAIRA мода үйү уюштурду.
Иш-чараны BAIRA мода үйү уюштурду.

Бишкектин Эркиндик бульварында 19-августтун кечинде “Менин Эркиндигим” деп аталган мода көрсөтүү болду. Иш-чараны BAIRA мода үйү уюштурду.

Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараны уюштурууга Бишкек мэриясы көмөктөштү.

Көрүүчүлөрдүн назарына шаардашуу, ааламдашуу жана мамлекеттик эгемендик шартында улуттук элементтерди сактап калууга багытталган мазмундагы кийимдердин үлгүсү тартууланганын мода үйүнүн өкүлдөрү билдиришти.

Бул күндөрү Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган түрдүү иш-чаралар өтүп жатат. 1991-жылдын 31-августунда өлкө парламенти мамлекеттик эгемендик жөнүндө декларация кабыл алынган. 31-августта Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG