Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:45

Зулпукаровдун бөгөт чарасын кароо 24-августка жылды


Төрөбай Зулпукаров.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын 24-августта карайт. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Зулпукаровдун бөгөт чарасын кароо бүгүн, 20-августта эртең мененки саат ондо каралмак, бирок ал кийинкиге жылдырылды.

Шаардык соттун имаратынын алдына депутаттын тарапташтары чогулуп Зулпукаровдун акталышын талап кылып, акцияга чыгышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) депутаттар Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган. Аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG