Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Сузак: мектептин кошумча корпусун курууга мугалимдер тартылды


Сузактагы мектептин курулушу.
Сузактагы мектептин курулушу.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Бек-Абад айылындагы Атабеков атындагы №88 мектептин мугалимдери ашар жолу менен окуу жайдын жанына үч бөлмөлүү имараттын пайдубалын куруп жатканы тартылган видео интернетке тарады.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов мугалимдер курулушка бир күн жардам бергенин "Азаттыкка" билдирди.

“Мугалимдер мектептин жанына айыл өкмөттүн көмөгү менен салынып жаткан үч бөлмөлүү имараттын жер пайын түптөөгө өз ыктыярлары менен бир күн жардам беришкен экен. Алар “биз карап турбай жардам да беребиз” деп жакшы ой менен видеону интернетке жайгаштырышкан. Ошондон кийин коомчулукта талкууга алынды".

Атабеков айыл өкмөтү үч бөлмөлүү имаратты бүтүрүүгө азырынча бир миллион сом берген. Жаңы имарат бүтсө мектептин архиви, китепканасы жана лабораториясы жайгашат.

Сайпидин Атабеков атындагы №88 мектепте 1276 окуучуга жетимишке чукул мугалим билим берет. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG