Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Өзбекстан аркылуу 2 миңдей чет элдик Ооганстандан эвакуацияланды


19-августта Өзбекстандан учуп кетип жаткан ооганстандык качкындар.
19-августта Өзбекстандан учуп кетип жаткан ооганстандык качкындар.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан качкан эки миңдей адам башка өлкөлөргө эвакуация болгонун кабарлады.

Азыркы тапта Өзбекстан Германия, Орусия, АКШ, Швейцария, Австрия, Дания, Польша, Венгрия, Словакия жана Казакстан менен аба майдандарды жана асман коридорлорун орток колдонуп, качкындарды ташуу боюнча кызматташып жатат.

"Чет элдик өнөктөштөр менен Ооганстандын атуулдарын Өзбекстандан транзиттик жол менен алдын ала макулдашылган өлкөлөргө жиберебиз", - деп билдирди өзбек ТИМи.

Кыргызстанда УКМК Ооганстандан качкындар келе электигин 20-августта кабарлаган. Ушул тапта мурда келген 500дөй ооганстандык атуул бар.

19-20-августта Кыргызстандагы ондогон ооган качкындары АКШ элчилигинин имараты менен БУУнун кеңсесинин алдында акция өткөрүшкөн.

Кошмо Штаттар 14-августтан бери 9 миң адамды эвакуациялады. Алардын 3 миңи 19-августта Кабул аэропортунан учуп кетти. НАТО билдиргендей, баарын кошкондо беш күндүн ичинде баш-аягы 18 миңдей киши Ооганстандан чыгарылды.

Дагы 6 миңдей адам учуп кетүүгө даяр турат. Алардын арасында чет өлкөлүк күчтөргө жардам берген котормочулар да бар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG