Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:09

Умбеталиевдин мандаты Авазбек Абдугапаровго берилди


Авазбек Абдугапаров.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августта Авазбек Абдугапаровго Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты берилгенин кабарлады. Ал сентябрда ант берет.

Ал "Республика-Ата Журт" фрациясынан депутат Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.

Кыдыралиев өткөн аптада "Кыргызалтын" мамлекеттик акционердик мекемесине жетекчи болуп дайындалган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мандатын тапшырган депутаттын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы бүтмөк. Бирок 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки окуялардан улам мөөнөтү узарган. Келерки шайлоо ушул жылдын күз айларында болот. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG