Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Садыр Жапаров: Кумтөрдү элге иштетип, чек ара маселесин чечип жатам


Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө.
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө.

Бүгүн, 21-августта президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна барды. Ал Каракол шаарындагы аянтта эл менен жолукту. Жолугушууда шайлоо алдында берген убадаларын президенттиктин биринчи мөөнөттө ишке ашырарын айтты.

"Силердин ишенимиңерди биринчи мөөнөтүмдө толук актап кеткенге аракет кылам. Менин максатым Кумтөр сыяктуу элдин байлыгы болгон кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Аны ишке ашырдым десем жаңылышпаймын. Андан кийин чек ара маселесин чечүү эле, өзбек туугандар менен 99% чечип алдык. Бир гана маселе тажик туугандар менен турат, аны менен да жакынкы арада чечебиз деп ойлойм. Үчүнчү тилегим - Кыргызстанды сырткы карызынан кутултуу".

Жапаров Түп районундагы "Салкын" ишканасы ачкан 200 орундуу фабрикага да барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Элет тургундары Жапаровго таза суу менен айылдарды камсыздоо, жер тилкелерин трансфармациялоо, мектеп, бала бакчаларды куруу маселелерин айтышты.

Өлкө башчысы филолог Кусейин Карасаевге эгемендиктин 30 жылдыгына карата "Кыргыз эл баатыры" наамы ыйгарыларын, белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата анын күндөлүгүн президенттин иш башкармалыгы басып чыгарарын билдирди.

Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапар менен 19-августта барган. (KS/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG