Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Интернаттагы өлүм: Акыйкатчы Башкы прокуратурага кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов Башкы прокуратурадан Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарына карата териштирүү баштоону өтүндү.

Башкы укук коргоочунун басма сөз кызматы 24-августта билдиргендей, буга Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн териштирүү учурундагы жагдай себеп болду.

Акыйкатчы министрликке бул жагдай тууралуу 25-июнда эле кат жөнөткөнүн, бирок алигүнчө жооп болбой жатканын анын ишине тоскоолдук жаратуу катары кабыл алынганын билдирди.

“24-июнда Балдар үйүнүн директорунун орун басары Галина Андрусова акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиевага мекеменин аймагына кирүүгө тоскоолдук жараткан. Ал эшикти ичинен кулпулап алып, билим берүү министринин эч кимди киргизбөө тууралуу талабы бар экенин айткан. Мыйзам боюнча акыйкатчы же анын орун басарлары кайсы гана мамлекеттик орган болбосун, ичине кирип, маалымат алып, документтерди изилдөөгө укугу бар. Мамлекеттик бийликтин бардык органдары акыйкатчынын текшерүүлөрүнө артыкчылык иретинде жардам берүүгө милдеттүү” деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Билим министрлиги акыйкатчынын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

6-класстын окуучусу Игорь Якунин каза болгону Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында быйыл 1-июнда катталган. Баланы Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданган. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат. (RK)

XS
SM
MD
LG