Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Данияр Нарымбаев ооруканадан тергөө абагына которулду


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Бишкектеги "Бикард" жеке клиникасында дарыланып жаткан президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев абалы турукташканына байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынан кайрадан которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайкүл Токтакунова 25-августта “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Негизи Нарымбаев коронавирус болуп, саламаттыгы начарлап, өпкөсү 50 пайыздан ашык эки тараптуу кагынгандыктан дарыланып жаткан эле. Абалы жакшырды дешти, бирок жүрөгүнө операция жасалбай калды. Дарыгерлер анын жүрөгүнө операция жасоо зарыл экенин айтышкан болчу”, - деди Токтакунова.

УКМК Нарымбаевге “Кумтөр ишине” байланыштуу “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Кумтөргө байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлуп, айрымдары камалды. Аларга Жазык кодексинин “коррупция” беренеси менен айып коюлган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG