Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Өкмөттө жасалма ПЧР тастыктама тууралуу журналисттик иликтөө боюнча чукул жыйын өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирустан таза экени тууралуу ПЧР тесттин жалган тастыктамасын саткандар боюнча маселе 25-августта өкмөттө талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова чукул жыйын куруп, тийиштүү жетекчилерге журналисттик иликтөөдө айтылгандарды териштирүү тапшырмасын берди.

Ички иштер министрлиги иликтөдөө айтылгандар боюнча териштирүү жүргүзмөй болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке лабораториялардын ишмердүүлүгү боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Чек ара кызматына да кызматтык иликтөө жүргүзүү талабы коюлду.

23-августта “Али Токтакунов Медиа хабы” Кыргызстанда коронавирус боюнча ПЧР тест тууралуу жасалма анализ кагазын cаткандар жөнүндө “Өлүм менен өмүрдөн акча жасагандар” деген иликтөөсүн жарыялаган.

Анда ПЧР анализдин коронавирус жоктугун тастыктаган жасалма жыйынтыгын каалоочулар 1700-3000 сомго эч тоскоолдуксуз сатып алса болору көрсөтүлгөн жана ири лабораториялардын аты аталган.

Лаборатория өкүлдөрү жасалма анализдерге тиешеси жоктугун, алардын атын саткан шылуундар ошондой менен алектенип жатканын билдиришкен.

Коронавирус бар же жогун аныктоо үчүн ПЦР тестти лабораториядан 1700-2400 сомго тапшырса болот.

Оорусу жоктугун тастыктаган кагазды өлкөнүн чек арасынан чыгып жатканда коңшу өлкөлөрдүн тийиштүү кызматтары талап кылышат.

Адистер мындай маселе чыкпашы үчүн бирдиктүү электрондук система ачып, ага ар бир адам каалаган компьютерден же телефондон кирип, тигил же бул тастыктаманын аныктыгын текшерсе боло тургандай шарт түзүү керектигин айтып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG