Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Орусия Ооганстандан 500 адамды алып чыгат


Ооганстан. Кабул аэропортунда чет элдиктерди эвакуациялоо иши.
Ооганстан. Кабул аэропортунда чет элдиктерди эвакуациялоо иши.

Орусиянын Коргоо министрлиги Ооганстандан өздөрүнүн, Украинанын, Өзбекстандын, ЖККУ уюмуна кирген Беларус, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарын эвакуациялай турганын кабарлады.

Бул үчүн төрт аскер-транспорттук учак бөлүнүп, учурда Ульяновскидеги аэродромдо учууга даяр турганы белгиленди.

Бул операциянын алкагында жалпысынан 500 адамды Ооганстандан алып чыгуу пландалып жатканы министрликтин маалыматында көрсөтүлгөн.

Учактар чукул медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгерлер топтору, дары-дармек, ичүүчү суу, жылуу кийим, жууркан жана жеке каражаттар менен камсыздалганы айтылды.

Бирок маалыматта эвакуациялоо качан ишке ашырылары айтылган эмес. Ооганстандан чыга албай калган адамдарды эвакуациялоо боюнча тапшырманы президент Владимир Путин бергени белгиленди.

15-августта талибдер Ооганстанды ээлеп алган соң, чет элдик дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдар өлкөдөн кызматкерлерин алып чыга баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG