Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Ооганстандан чыгууну көздөгөндөр Кабул аэропортунда топтошуп турат


Ооганстан. АКШнын аскер аба күчтөрүнүн эвакуация операциясы. 24-август, 2021-жыл.
Ооганстан. АКШнын аскер аба күчтөрүнүн эвакуация операциясы. 24-август, 2021-жыл.

АКШ жана анын союздаштары чет элдиктерди жана айрым оогандыктарды эвакуациялап, аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетерин угары менен Кабул аэропортуна кирүүнү көздөгөндөрдүн агымы күч алды.

АКШ президенти Жо Байден эвакуацияга жетишүү үчүн мурда бекитилген мөөнөттү узартуу америкалык аскерлер үчүн кооптуу болорун айткан болчу.

“Талибан” кыймылы мурда бекитилген мөөнөттү узартууга болбостугун айтып, чет элдик аскерлердин чыгып кетишинин акыркы күнү - 31-август экенин эскерткен. Ошондой эле, талибдер жогорку билимдүү элитанын, өлкө муктаж болуп турган кесиптердин ээлеринин Ооганстандан чыгып кетишине макул эместигин айтып, аларды алып чыгып кетпөө тууралуу Вашингтонго кайрылган.

Расмий тараптар 25-августка карата 75 миңден ашуун киши эвакуация болгонун билдирүүдө. Бирок ошол эле учурда аэропорттун сыртында эл аралык күчтөр менен кызматташканы үчүн талибдердин өч алуусунан корккон миңдеген адамдардын тобу турганы кабарланды.

Анткени алар талибдердин 1996-жылдан 2001-жылга чейинки беш жылдык катаал башкаруусундагы мыкаачылыктарды эске алуу менен “Талибан” азыр берип жаткан убадаларга ишенбей турганын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG