Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

Талибдер ооган аялдарына үйдөн чыкпай турууну сунуштады


Ооганстан. Талибдер ээлеп ала элек кезге чейинки ооган аялдары менен кыздары.
Ооганстан. Талибдер ээлеп ала элек кезге чейинки ооган аялдары менен кыздары.

Би-Би-Си “Талибан” Ооганстандын аялдарына азырынча иштебей, көчөгө чыкпай турууну сунуштаганын кыймылдын өкүлү Забиулла Муджахидке шилтеме берип кабарлады.

“Биздин коопсуздук күчтөрүбүз аялдарга карата кандай мамиле кылууну жана кантип сүйлөшкөндү үйрөнө элек. Алардын коопсуздугу толук камсыздалмайынча... Биз аялдарды үйүнөн чыкпоосун өтүнөбүз”, – дейт Забиулла Муджахид.

“Бул абдан кыска мөөнөттүк процедура”, – деп кошумчалады ал.

Буга чейинки маалымат жыйындарынын биринде Забиулла Мужахид “Талибан” кыймылы аялдар менен кыздарга окуп, билим алганга жана иштегенге тоскоолдук жок экенин айткан.

Бирок 15-августтан тарта ооган аялдары менен кыздарына көчөдө жылаңбаш жана жалгыз жүрбөөгө эскертүү берилгенин кабарлаган.

“Талибан” кыймылы 31-августтан кийин чет элдиктерди жана Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөгөн оогандыктарды эвакуациялоого тыюу салынарын жарыялаган.

“Талибан” кыймылынын өкүлү Кабулдагы эвакуациялоо маселесине кайрылып, оогандыктарды баш калаанын аэропортуна барбоого чакырып, ал жакта дүрбөлөң болуп жатканын билдирди.

Забиулла Мужахид Ооганстанда жашоо өз нугуна түшкөнүн, аэропорттогу дүрбөлөң гана мамлекет үчүн көйгөй жаратып жатканын кошумчалады. Вашингтонду жарандарды Ооганстандан чыгарууну колдобоого чакырды. Айрыкча ал “билимдүү элита” менен өлкө азыр абдан муктаж болуп турган кесиптин ээлери өлкөдөн кетпеши керек экенин белгиледи.

Талибдер 15-августта Кабулду каратып алган, ошондон соң андагы чет элдик дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдар кызматкерлерин Ооганстандан чыгара баштаган. Өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн ооган жарандары да көп.

"Талибан" 15-августта Кабулду курчоого алып, Ооганстандын бардык аймагына көзөмөл орнотконун жарыялаган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, талибдер президенттик сарайды согушсуз ээлеп алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG