Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Ооганстандагы түрк аскерлери мекенине кайтары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Шаршембиде түрк президентинин басма сөз катчысы Ибрахим Калын НАТОнун тынчтык миссиясы менен Ооганстанда кызмат өтөп жаткан аскерлер өлкөгө кайтарын билдирди.

"Бүгүн бир учак кетти. 24 же 36 саат ичинде түрк аскерлеринин эвакуациясы жыйынтыкталышы мүмкүн", - деди Калын.

Өткөн аптада Ооганстандагы түрк аскерлери Тажикстанга эвакуацияланганы айтылган. Бирок Тажикстанга канча аскер келгени такталган эмес. Расмий Анкара да эвакуацияланган аскер кызматкерлери тууралуу комментарий берген эмес.

Түрк аскерлери БУУ, НАТО жана эки тараптуу келишимдердин алкагында 2002-жылдан бери Ооганстанда кызмат өтөп келишет.

Ал эми Ооганстандан эл аралык күчтөрдүн чыгып кетүү мөөнөтү мурда бекитилгендей 31-август бойдон калды.

Ага чейин Кабул аэропортунда турган чет элдик жарандарды, дипломаттарды, айрым ооган жарандарын жана аскерлерди чыгарып кетүүгө үлгүрүү үчүн бекитилген мөөнөттү жылдыруу демилгеси көтөрүлгөн.

Бирок Пентагон бекитилген мөөнөттү узартпоону сунуштады. Анткени Кабул аэропортунда турган аскерлердин коопсуздугуна кепилдик жок экенин билдирген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG