Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Кабулдан учуулар калыбына келтирилди


Албания. Ооган качкындарын кабыл алуу. 27-август, 2021-жыл.
Албания. Ооган качкындарын кабыл алуу. 27-август, 2021-жыл.

Ооганстандын Кабул эл аралык аэрпортунун айланасында 26-августта ондогон адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин 27-августта эртең менен адамдарды эвакуациялоо иштери кайрадан жанданды.

Кабулдун тургундары учуулар калыбына келтирилип, учактар учуп жатканын көрүп жатышканын ырасташты.

АКШ президенти Жо Байден 26-августтагы Кабул аэропортундагы кандуу террор Ооганстандан адамдарды эвакуациялоо ишине тоскоолдук жарата албастыгын билдирди.

Кабул аэрпортуна жакын жердеги жанкечтилердин эки жолку жардыруусунун кесепетинен жүздөй адам каза таап, жүз элүүдөн кем эмес киши жаракат алган. Алардын арасында чет элдик жарандар жана аэрпортту кайтарган америкалык аскерлер дагы бар.

Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу моюнуна алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG