Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Айдоочуну аткан милиция кызматкери эки айга камалды


УКМКнын имараты
УКМКнын имараты

Бишкекте айдоочуну атып өлтүргөн деп шек саналган милиционер эки айга атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

27-августтун кечинде болгон окуяга шек саналган милиция кызматкери 28-августта кармалган.

Бул факт Жазык кодексинин 321-беренеси (1-б."кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "курал же атайын каражаттарды колдонуу менен байкабастыктан олуттуу зыян келтирүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

29-августта окуяга байланыштуу Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын (ШККБ) рота командиринин орун басары жана эки кенже инспектор кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Алар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатат.

Ишти Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) тергөөдө.

Бул окуя боюнча ИИМдин ички коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзөрү буга чейин кабарланган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы мурдараак эреже бузган айдоочу милиционердин тапанчасын талашкан учурда кокусунан атылып кеткенин, натыйжада андан жараат алган айдоочу көз жумганын маалымдаган. Социалдык тармактарда милиционер тапанчасынан өзү ок чыгарганы тартылган тасма тараган. Кийин басма сөз кызматы айдоочу укук коргоо кызматкеринин куралын талашпаганын билдирген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG