Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Анкарада Айкөл Манастын айкели ачылат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүн, 30-августта президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Эрдоган эки тараптуу кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстанды эгемендиктин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Жапаров Эрдоганга 31-августта Анкарада ачыла турган Айкөл Манас эстилиги жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуялар учурунда Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү тууралуу да сөз болду. Үйлөрдү курууга Түркия колдоо көрсөтүп жатат.

Баткенде Лейлек районунун Максат айылында быйыл жазында чек ара окуясында жабыркаган 84 үй-бүлө 27-августта Түркия мамлекетинин жардамы менен курулган жаңы курулган үйлөрүнө кирип жашай башташты. Баткен районунда дагы 40 үй Түркиянын колдоосу менен курулууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG