Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

ИИМ: Активисттердин телефону бир айдай гана тыңшалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттердин социалдык тармактарда жана бир катар маалымат агенттиктеринде телефондору тыңшалып жатканы тууралуу дооматына Ички иштер министрлиги (ИИМ) жооп берди. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, былтыр октябрь айындагы окуяларга байланыштуу Кылмыш кодексинин 262-беренеси ("Массалык башаламандык") менен кылмыш иши козголуп, прокуратура ИИМге жүктөгөн.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында айрым шектүү адамдар менен байланышын текшерүү максатында, Тергөө кызматы тарабынан Биринчи Май райондук сотуна айрым адамдардын телефон сүйлөшүүсүн 2021-жылдын 10-февралына чейинки аралыкта угууга уруксат берүү өтүнүчү берилген. Өтүнүч Биринчи Май райондук соту тарабынан канааттандырылган", - деп жазылган ИИМдин маалыматында.

Министрлик 10-февралдан кийин узартылбаганын билдирүүдө.

ИИМ басма сөз кызматы Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, бардык жарандар купуя кат алышууга, телефон аркылуу сүйлөшүү укугуна ээ экенин, бул укуктардын чектелиши соттук акт аркылуу гана мыйзам чегинде жүргүзүлүшү мүмкүндүгүн белгилеп, Тергөө кызматы өз ишин мыйзам алкагында гана аткарганын билдирген.

30-августта Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Сания Токтогазиева жана башка он чакты активист Биринчи Май райондук соту 6-январда жүздөн ашуун адамдын телефонун тыңшоого уруксат берген токтом чыгарганын билдиришкен.

Алар бул үчүн жоопкер тиешелүү жетекчилерди, анын ичинде ички иштер министри Улан Ниязбековду жана баш прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан алууну, ал эми тергөө кызматынын башчысы А. Жумабаев менен Биринчи Май районунун судьясы Ч. Бердимуратовду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG