Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Жалал-Абадда имамдар эмдөөгө көмөктөшөт


Вакцинаны саюуга даярдап жаткан медайым. Иллюстрациялык сүрөт.
Вакцинаны саюуга даярдап жаткан медайым. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун район-шаарларынан келген имам-хатибдер жаш балдарды жана чоңдорду коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча семинарга катышты. Аларды атайын адистер окутканын Жалал-Абад облусунун казысы Нематилла Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди.

"Эмдөөнүн зарылчылыгы тууралуу биз дин жагынан айтсак, анын ден соолукка пайдасы тууралуу медицина кызматкерлери айтышса, элибиз эмдөөдөн баш тартпайт. Эмдөөнү биздин бийлигибиз жалпы элдин саламаттыгы үчүн киргизүүдө. Биз бийликке ишенебиз".

Семинарда саламаттык сактоо кызматкерлери оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма - адамдарды массалык түрдө эмдөө экенин түшүндүрүп, аны коомчулукка жеткирүүгө имамдардын көмөгү зарыл экенин айтышты.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине эмдөөгө каршы эмес экенин жарыялап, аталган илдетти жеңүү үчүн жарандарды вакцина алууга чакырып келет.

Жалал-Абад облусунда 102 миң 292 жаран эмдөөдөн өткөн, алардын ичинен 62 миң 551 адам вакцинанын эки дозасын тең алган.

1-сентябрга карата Кыргызстанда жалпы 1 млн. ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын ичинен 681 078 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 445 231 адам 2 дозасын тең алышты.

Кыргызстанда эмдөө Кытайдын SinoPharm, Орусиянын Sputnik V, Европада өндүрүлгөн AstraZeneca вакциналары менен жүргүзүлүүдө.(TB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG