Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Бишкектин биринчи вице-мэри болуп Максатбек Сазыкулов дайындалды


Максатбек Сазыкулов.
Максатбек Сазыкулов.

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп бүгүн, 3-сентябрда Максатбек Сазыкулов дайындалды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ал турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча жооптуу болот.

Бул кызматты быйыл июнь айынан бери аркалап келген Жамалбек Ырсалиев мэрдин буйругу менен бүгүн жумуштан алынган жана Биринчи май районунун акими болуп дайындалган.

44 жаштагы Сазыкулов Каржы министрлигинде, Мамлекеттик кызмат агенттигинде, өкмөттүк аппаратта иштеген, Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болгон. 2015-жылдан бери Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунда уюштурууну өнүктүрүү департаментинде башчы болуп иштеген. Быйыл июнь айында Бишкектин экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэри болгон.

Бүгүн Бишкектин жер, архитектура жана курулуш маселелерин тейлеген вице-мэри Азамат Сагындык уулу жана Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев да кызматтан алынды.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев кызматка 26-августта шаардык кеңештин депутаттарынын отурумунда дээрлик бир добуштан шайланган.

Төрт райондон турган Бишкек шаарынын мэриясында биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG