Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Кыргызстанда 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт


Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев президент Садыр Жапаров менен жолугушту.
Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев президент Садыр Жапаров менен жолугушту.

Кыргызстанда 100дөн ашуун диний билим берүү мекемеси иштейт. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев президент Садыр Жапаров менен жолукканда айтты.

"Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандар дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл", — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы ошондой эле, диний билим берүүнүн сапатын арттыруу зарылдыгын айтты.

Муфтий Замир Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,5 миңдей мечит, 100дөн ашуун медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.

Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG