Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Беларуста эки оппозиционер 10-11 жылга кесилди


Координациялык кеңештин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сот залында. 4-август, 2021-жыл.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сот залында. 4-август, 2021-жыл.

Беларус соту 6-сентябрда оппозициянын алдыңкы өкүлдөрү, Координациялык кеңештин мүчөлөрү Мария Колесникованы 11 жылга, Максим Знакты 10 жылга абакка кести. Сот аларды «улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасаган, бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурган, экстремисттик уюм түзүүгө аракет кылган" деп тапты.

Колесникова менен Знак өзүлөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны саясий куугунтук катары сыпаттап жатат. Оппозициянын лидери Светлана Тихановская сот өкүмү чыгары менен Колесникованын жана Знактын эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, беларус бийлигинен аларды тезинен бошотууну талап кылды.

"Бул - режимге каршы чыгууга белсенген беларустарга каршы террор. Биз Беларуста ар бир адам эркин болмоюнча токтобойбуз", - деп жазды "Твиттерге" Тихановская.

Беларуста былтыр августта өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин өлкөнү узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигине каршы акциялар токтобой келет.

Мария Колесникова былтыр президенттикке ат салышууну көздөгөн банкир Виктор Бабариконун штабын жетектеген. Бабарико камалгандан кийин Колесникова жана дагы бир саясатчынын жубайы Вероника Цепкало экөө шайлоого катышууга уруксат берилген жалгыз оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын штабына кошулуп, аны алдыга сүрөшкөн.

Колесникова шайлоодон кийин да Беларуста болуп, оппозициянын жүрүштөрүнүн башында турган. Аны 2020-жылдын 7-сентябрында Минскинин борборунда белгисиз беткапчан адамдар кармап кетишкен. Эртеси күнү Беларустан чыгарып жиберүү үчүн украин чек арасынан өткөрүүгө аракет кылышкан. Чек арадан ары чыгарып жиберерде Колесникова каршылык көрсөтүп паспортун тытып салган. Аны кайра Минскиге алып келип, түрмөгө камашкан. Анын үзөңгүлөшү, юрист Максим Знак дагы былтыр сентябрда кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG