Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Тажикстандык белгилүү диниятчынын уулу Орусияда камалды


Маркум Саид Киёмиддин Гозинин уулу Баракатулло Гозиев.
Маркум Саид Киёмиддин Гозинин уулу Баракатулло Гозиев.

Орусиянын курамындагы Татарстанда Тажикстандын өтүнүчүнүн негизинде тажикстандык белгилүү диний ишмер, маркум Саид Киёмиддин Гозинин уулу Баракатулло Гозиев камакка алынды. Анын жакындары "Эркин Европа / Азаттыкка" билдиришкендей, Гозиевди камакка алуу чечими өткөн айда чыккан.

Казан шаарындагы Совет райондук соту 35 жаштагы Гозиев Тажикстандын өтүнүчү менен 15-августта 40 күнгө камалганын "Азаттыкка" ырастады. Соттун маалыматына ылайык, Гозиевге мекенинде "Диний кастыкты козутуу" жана "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренелери боюнча айып тагылган.

Гозиевдин туугандары бул айыптоолорду четке кагып, ал "Душанбеге экстрадицияланып, ал жерде кыйноого алынышы мүмкүн" деп чочулап жатышат. Азырынча бул боюнча Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү жасай элек.

2017-жылы ноябрда Гозиевдин атасы, белгилүү диниятчы жана оппозициянын алдыңкы өкүлү Саид Киёмиддин Гози Санкт-Петербургда уурдалып, Тажикстанга жеткирилген. Ал 2018-жылы майда 25 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы май айында Вахдат түрмөсүндөгү тополоң маалында өлтүрүлгөн.

Акыркы эки жылдын ичинде Тажикстанда анын Баракатулло Гозиевден башка эки уулуу Саидмухаммади менен Саидхасан "Терроризм" жана "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренелери боюнча соттолуп, узак жылга абакка кесилген.

Саид Киёмиддин Гози өткөн кылымдын 90-жылдары белгилүү дин кызматчысы болгон. 1992-жылы коммунисттик режимдин каршылаштары чогулган "Шахидон" аянтында сүйлөп, ошол эле күнү "элдик генерал" деген бейрасмий наамга ээ болгон. Тажикстанда жарандык согуш башталгандан кийин ал Ооганстанга өтүп, анда Бирдиктүү тажик оппозициясы менен кызматташкан. Согуш бүткөндөн кийин мекенине кайтып, Улуттук жарашуу комиссияларынын бирине мүчө болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG