Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Азиз Аалиев Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болду


Азиз Аалиев
Азиз Аалиев

Азиз Аалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аалиев 2020-жылы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген. Ага чейин фонддун башкармалыгынын мүчөсү, өкмөттүн финансы жана насыя саясаты бөлүмүн башкарган.

Аалиев Айбек Жунушалиевдин ордуна келди. Жунушалиев 12-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткарып, 26-августта мэр болуп шайланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG