Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

"Талибан" Панжшерди ээлегенин билдирди, Масуддун күчтөрү четке какты


Панжшердеги "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" мүчөлөрү. 4-сентябрь, 2021-жыл.
Панжшердеги "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" мүчөлөрү. 4-сентябрь, 2021-жыл.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Панжшер провинциясына толук көзөмөлүн орнотконун билдирүүдө. Бирок бул маалыматты аймактагы талибдерге каршы турган "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту" четке какты. Азырынча "Талибандын" билдирүүсүн көз карандысыз башка булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек.

"Талибан" бул аймакты ээлегенин кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 6-сентябрда билдирди.

"Бул жеңиш менен биздин өлкө согуштун сазынан толугу менен чыгарылды", - деди Мужахиж

"Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" өкүлү Майсам Назари "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиргендей, Панжшерде куралдуу кагылышуулар уланып жатат. Аталган топ провинциядагы бардык стратегиялык аймактарды ээлеп турганын "Твиттер" аркылуу да кабарлады.

Панжшер - Ооганстандагы талибдерге баш ийбеген күчтөр ээлеп турган акыркы провинция. Бул күчтөрдүн жетекчилеринин арасында Панжшерден чыккан талаа командири, маркум Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд бар. Соңку бир канча күндөн бери бул аймакта "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронту" менен "Талибан" кыймылынын ортосунда айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат. Талибдер бул провинциянын телефон, интернет байланышын жана электр жарыгын өчүрүп койду.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон талиб жоочулары Базарак шаарындагы провинциянын губернаторуна таандык имараттын алдында турганын көрүүгө болот.

5-сентябрда "Ооганстандын улуттук каршылык көрсөтүү фронтунун" басма сөз катчысы, белгилүү журналист Фахим Дашти жана топтун командири, генерал Абдул Вудод Зара өлтүрүлгөнү белгилүү болду.

"Талибан" үч апта мурда Ооганстандын көпчүлүк аймактарын ээлеп алып, 15-августта ооган өкмөтү кулагандан көп өтпөй Кабулга көзөмөлүн орноткон. Жакын арада талибдер жаңы өкмөттүн курамы менен түзүмүн жарыялаганы турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG