Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Беларуста оппозициянын алдыңкы мүчөлөрүнө өкүм чыкканы жатат


Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сот залында. 4-август, 2021-жыл.
Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знак сот залында. 4-август, 2021-жыл.

Беларус соту 6-сентябрда оппозициянын алдыңкы өкүлдөрү, Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знакка өкүм чыгарганы жатат. Алар «улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасашкан, бийликти басып алуу үчүн кутум уюштурууга аракет кылышкан, экстремисттик уюмду түзүп, жетектеген» деп айыпталып жатышат.

Колесникова менен Знак өзүлөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, аны саясий куугунтук катары сыпатташууда. Ал эми Кошмо Штаттар айыптоолорду «ойлонуп табылган» деп мүнөздөгөн.

4-августта башталган соттук териштүүлөрдүн баары жабык болгону менен дүйшөмбүдөгү өкүм окула турган соттук жараян Минскиде ачык өтөрү кабарланды. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, айыпталуучулар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Беларуста былтыр августта өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин өлкөнү узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигине каршы акциялар токтобой келет.

Мария Колесникова былтыр президенттикке ат салышууну көздөгөн банкир Виктор Бабариконун штабын жетектеген. Бабарико камалгандан кийин Колесникова жана дагы бир саясатчынын жубайы Вероника Цепкало экөө шайлоого катышууга уруксат берилген жалгыз оппозициячыл талапкер Светлана Тихановскаянын штабына кошулуп, аны алдыга сүрөшкөн.

Колесникова шайлоодон кийин да Беларуста калып, оппозициянын жүрүштөрүнүн башында турган. Аны 2020-жылдын 7-сентябрында Минскинин борборунда белгисиз беткапчан адамдар кармап кетишкен. Эртеси күнү Беларустан чыгарып жиберүү үчүн украин чек арасынан өткөрүүгө аракет кылышкан. Чек арадан ары чыгарып жиберерде Колесникова каршылык көрсөтүп паспортун тытып салган. Аны кайра Минскиге алып келип, түрмөгө камашкан. Анын үзөңгүлөшү, юрист Максим Знак дагы былтыр сентябрда кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG