Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

БШК: Бир мандаттуу аймактардын талапкерлеринин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат


Kyrgyzstan - Re-election to Bishkek city Council. July 11. Bishkek. 2021.
Kyrgyzstan - Re-election to Bishkek city Council. July 11. Bishkek. 2021.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу аймактардан катышчу талапкерлердин арызы 13-октябрга чейин кабыл алынат.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана бул жараянды ишке ашыруунун календарлык планына ылайык, бир мандаттуу жол менен шайланууну көздөгөн талапкерлердин арыздары шайлоо аймактары такталгандан кийин 45 күндүн ичинде кабыл алынат", - деп билдирет БШК.

Ал эми шайлоо аймактарын аныктоо шайлоонун датасы аныкталгандан кийин 7 календардык күндө ишке ашуусу керек. Башкача айтканда, 10-сентябрга чейин бир мандаттуу аймактар аныкталат.

Президент Садыр Жапаровдун 29-августта кол койгон жарлыгы боюнча, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жаңы конституциялык мыйзамдарга ылайык, парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келе алат.

Шайлоого катыша турган партиялар 3-сентябрда арыздарын беришти. Алардын саны 75ке жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG