Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Чет өлкөлөрдө 68 миңден ашык шайлоочу катталды


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. 2017-жылдын 15-октаябрындагы президенттик шайлоо учуру.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги. 2017-жылдын 15-октаябрындагы президенттик шайлоо учуру.

Кыргызстандын чет өлкөдө добуш бере турган жарандарынын саны 68 691 адам. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 6-сентябрындагы отурумунда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев маалымдады.

Анын айтымында, чет жактагы жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өткөндөн кийин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо добуш бере алышат.

"2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого пандемиянын айынан катышуу аз болгон. 9300 киши добуш берген. Ал эми январдагы референдум жана президенттик шайлоодо чет жактагы 3,5 миң кыргызстандык добуш берди".

Министрдин айтымында, чет жактагы шайлоо тилкелеринин санын кеңейтүү боюнча иштер жүрүүдө. Орусия, Түркия, Казакстан, АКШ сыяктуу бир катар өлкөлөрдө шайлоочулардын саны дагы такталып жатат, жалпы чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси ачылат.

Президент Садыр Жапаровдун 29-августта кол койгон жарлыгы боюнча, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрда өтөт. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катыша турган партиялар 3-сентябрда арыздарын беришти. Алардын саны 75 болду. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG