Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Ош шаарынын эки вице-мэри алмашты


Биринчи вице-мэр Марс Исаев жана вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.
Биринчи вице-мэр Марс Исаев жана вице-мэр Сонунбек Жунусбаев.

Ош шаардык мэриясына Марс Исаев биринчи вице-мэр, Сонунбек Жунусбаев вице-мэр болуп дайындалды. Мындай буйрукка калаа башчысы Алмаз Мамбетов 6-сентябрда кол койду.

Марс Исаев Ошто ишкер катары таанымал. Ага бир нече кафе-ресторан жана курулуш тармагында иш алып барган ишканалар катталган. Андан сырткары шаардагы "Изюм" рестораны ага таандык.

Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.

Ал эми Сонунбек Жунусбаев үч айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Ал буга чейин мэрияда бир нече кызматтарды аркалаган.

Марс Исаев Замир Юсуповдун, Сонунбек Жунусбаев Асылбек Топчубаевдин ордуна дайындалды. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG