Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Талибдер Мазари-Шарифте акцияга чыккан аялдарды күч менен таратты


Кабулда акцияга чыккан аялдар, 4-сентябрь 2021-жыл.
Кабулда акцияга чыккан аялдар, 4-сентябрь 2021-жыл.

"Талибан" кыймылынын жоочулары Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында акцияга чыккан аялдардын тобун күч менен таратты. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Шакоуриех Рахими "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 6-сентябрда ондогон адамдар "Талибан" бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарынын сакталышын жана алардын жаңы өкмөткө кошулушун талап кылып, акцияга чыгышкан. Бирок жоочулар митингдин катышуучуларын, анын ичинде акцияны чагылдыруу үчүн келген журналисттерди сабап, демонстрацияны күч менен тараткан.

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт жана видеолор көрсөткөндөй, чогулгандар "Аялдардын укугун бузуу - адам укугун бузуу", "Биз бардык деңгээлде саясий турмушка аралашууну каалайбыз" деген сыяктуу плакалаттарды көтөрүп турушту.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын төртүнчү ири шаарында болгон дүйшөмбү күнкү окуялар боюнча комментарий бере элек.

4-сентябрда талибдер Кабулда жүрүшкө чыккан ондогон аялдарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп, эскертүү иретинде ок аткан. Ушундай эле окуя бир канча күн мурда Герат шаарында да катталган.

Жаңы ооган өкмөтүн түзүүнү көздөп жаткан "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Ооганстанда аялдардын укуктары исламдын эрежелеринин негизинде сактала турганын 6-сентябрда дагы бир жолу кайталады. Бирок бул эрежелер иш жүзүндө кандай колдонуларын так айткан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG