Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

COVID-19: Казакстанда эмдөөдөн өтпөгөндөр жумушка киргизилбейт


Алматыдагы эмдөө борбору. 23-июнь, 2021-жыл.
Алматыдагы эмдөө борбору. 23-июнь, 2021-жыл.

Казакстанда 6-сентябрдан тарта COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар жумушка киргизилбейт. Бир нече күн мурда Казакстандын башкы санитардык дарыгери кол койгон токтомго ылайык, мындай эреже ден соолугуна байланыштуу вакцина сайдырууга болбой турган жана акыркы үч айдын ичинде коронавирус менен ооруп айыккан жарандарга тиешелүү эмес. Калган эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлер жумушка келүү үчүн жумасына бир жолудан ПЧР-тест тапшырып турууга милдеттүү болушат.

Мындай талапты негизинен кызмат көрсөтүү жана соода тармагында иштегендер аткарышы керек. Бул тизмеге калкты тейлөө борборлору, почта бөлүмдөрү, банктар, камсыздандыруу уюмдары, акча алмаштыруу жайлары, кыймылсыз мүлк агенттиктери, фитнес-борборлор, сауналар, бассейндер, сулуулук салондору сыяктуу ондогон объектилер кирет.

19 миллион калкы бар Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө иштери быйыл февралда башталган. 4-сентябрга карата өлкөдө жалпысынан 6,7 миллион жаран коронавируска каршы вакцинанын кеминде бир дозасын сайдырса, алардын 5,6 миллиону толук эмдөөдөн өттү.

Буга чейин Казакстандын айрым аймактарында милдеттүү эмдөөдөн өтүү талабына каршы акциялар уюштурулган болчу.

Казакстанда калкты эмдөө үчүн негизинен жергиликтүү QazVac жана Караганда шаарында өндүрүлүп жаткан Орусиянын "Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Мындан тышкары өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Кытайдын Sinopharm компаниясына таандык Hayat-Vax, кытайлык SinoVac компаниясынын СoronaVac жана орусиялык "Спутник Лайт" вакциналары да жактырылган. Өткөн жумада казак бийлиги октябрда өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жактырган америкалык өндүрүштөгү Pfizer вакцинасы келерин билдирген.

5-сентябрда Казакстанда дагы 3897 адамдын анализинен коронавирус табылды. Андан бир күн мурда коронавирус инфекциясына байланыштуу дагы 91 киши көз жумганы белгилүү болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG