Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Жаңы изилдөө: орусиячыл троллдор Батыш медиасын бутага алган


Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы изилдөө коомдук пикирге таасир этүүнү көздөгөн орусиячыл топтор (троллдор) Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар белгилүү маалымат каражаттарынын сайттарын бутага алганын көрсөттү. Улуу Британиядагы Кардифф университетинин Кылмыштуулукту жана коопсуздукту изилдөө институту мындай изилдөөсүнүн тыянагын 6-сентябрда жарыялады.

Ага ылайык, орусиячыл троллдор Батыш маалымат каражаттарына жарыяланган макалалардын алдында Орусиянын кызыкчылыгын алга сүрөгөн комментарийлерди калтырып турушат. Ошондой эле Орусияны колдогон комментарийлерди жактырган реакцияларды да көбөйтүшкөн. Мындай комментарийлерди орус тилдүү маалымат каражаттары өз материалдарында колдонуп, муну менен Батыштагы өкмөткө каршы нааразылыкты жана Кремлдин саясатын колдогондордун масштабын көрсөтүүгө аракет кылып турушкан.

Бул операция 16 өлкөдөгү 32 маалымат каражаттарын бутага алган. Алардын арасында АКШдагы The Washington Post гезити, Fox News телеканалы, Улуу Британиядагы Daily Mail, Daily Express жана The Times басылмалары, Франциядагы Le Figaro, Германиядагы Der Spiegel гезиттери бар.

Кардифф университетинин илимпоздору бул изилдөөсүн апрель айында баштаган. Андан бери 250гө чукул макаланын комментарийлер бөлүгүндө Кремлдин саясатын жактаган же Батышты сындаган маалыматтар жарыяланган. Алардын арасында Батыш өлкөлөрүндө Орусияга жана президент Владимир Путинге колдоо чоң экени тууралуу негизсиз маалыматтар болгон.

Бир нече апта мурда орусиячыл топтор АКШ менен Британиянын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетишине байланыштуу коомдук пикирге таасир этүүгө аракет кылышкан.

Буга чейин Кошмо Штаттар Орусияны социалдык тармактар аркылуу 2016- жана 2020-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен деп айыптаган. Москва маалыматты бурмалоого жана киберчабуулдарга байланыштуу мындай айыптоолорду четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG