Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Парламенттик шайлоого 602 млн. сомдой сарпталат


Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү. Токмок шаары. 11-июль, 2021-жыл.
Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү. Токмок шаары. 11-июль, 2021-жыл.

Парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн болжол менен 602 млн. сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 8-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, сарпталчу каражат алдын ала эсептелгендиктен шайлоого жакын анын суммасы өзгөрүшү ыктымал.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анын расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин аныкталат.

Жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан турат. Депутаттар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун акыйкатсыз, бийликчил партиялардын пайдасына өткөнүнө нааразылык жаралып, Кыргызстанда бийлик алмашкан. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтсүз тапшырып, анын ордуна Садыр Жапаров мамлекет башына келген. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG