Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Бүгүн “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалы ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 14-сентябрда Бишкекте “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” эл аралык кинофестивалынын ачылышы болот. КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышкан фестиваль быйыл Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналууда.

Онунчу жыл уюштурулуп жаткан иш-чара мурдагы союздук республикалардын киночулары чогулуп, тасмаларын чогуу көрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен долбоорлорун талкуулап туруучу аянтчага айланды.

Кинофестивалды КМШнын Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекет аралык фонду Кыргызстандын “Айтыш” коомдук фонду менен бирге уюштурууда.

Бул жолу ага жалпысынан 500дөн ашуун тасма талапкер катары көрсөтүлүп, эл аралык сынакка 14ү, ал эми улуттук сынакка 12си тандалып алынган.

Эл аралык сынакта Кыргызстандан режиссер Айкөл Нурланбек уулунун “Мээрман” тасмасы көрсөтүлөт.

Фестиваль 17-сентябрда жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө “Мыкты фильм”, “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы” жана «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыктары тапшырылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG