Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Казакбаев: "Азаттык" ишенимдүү маалымат булагы бойдон кала берет


Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуу. Бишкек, 14-сентябрь, 2021--жыл.
Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуу. Бишкек, 14-сентябрь, 2021--жыл.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандын маалымат талаасында өзгөчө орунду ээлейт жана көп жылдан бери өлкөдөгү окуяларды чагылдырууда ишенимдүү маалымат булагы бойдон кала берүүдө. Мындай пикирин Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 13-сентябрда "Эркин Европа\Азаттык радиосунун" президенти Жейми Флайды, радионун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Хамид Исмаиловду жана радионун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаеваны кабыл алган учурда айтты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Казакбаев "Азаттыктын" ишмердигине байланыштуу ар кандай пикирлерге карабастан, ал эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги принциптерин карманууну улантып, элге маалыматты ачык жана айкын жеткирип жатканын баса белгиледи.

Жейми Флай министрге жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап, журналисттерге эркин жана тоскоолдуксуз иштөөгө шарт түзүү жагынан чөлкөмдө өзгөчө ролду ойной турганын айтты.

Флай ошондой эле министрге Орусия, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келген “Азаттыктын” журналисттерин аккредитациядан өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргызстандыктар үчүн да, Борбор Азиянын калкы үчүн да кызыктуу программаларды, атап айтканда миграция көйгөйлөрү боюнча да долбоорлорду ишке ашыруу ниетин айтты. Мындан тышкары, ал Кыргызстанда "Азаттыктын" долбоорлорун улуттук гана эмес, регионалдык кылуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Министр Казакбаев 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы саясий окуяларды мисал кылып, кыргыз калкы эркиндикти туу тутуп келатканын, Кыргызстан демократиянын жана сөз эркиндигинин принциптерин кармана берерине токтолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG