Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Быйыл Кыргызстанда өрттүн саны дээрлик 30% өстү


Токойдогу өрт. Кемин, 7-сентябрь, 2021
Токойдогу өрт. Кемин, 7-сентябрь, 2021

2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп. 2020-жылы 1515 өрт катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 25 адам (2020-жылы 14 адам) каза таап, 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук мүлк сакталган. 1248 өрт турак жайда чыгып, тилсиз жоонун жалпы санынын 63,5 % түзгөн.

Өрт негизинен электр жабдууларын, мешти жана морду этиятсыз колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан чыккан. Кырсык эң көп Чүй облусунда катталган. Кийинки орунда Баткен облусу, Бишкек шаары турат.

Мамлекеттик токой фондунун карамагындагы жерлерде 2019-жылы 16 өрт чыгып, 213,7 гектар жер күйүп кеткен. Анын жарымынан көбү токой болгон. Өрттүн айынан мамлекет 227 миң сомдой чыгым тарткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG