Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Гуанчжоудагы жана Дубайдагы башкы консулдуктарда жетекчилик алмашты


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстандын Гуанчжоудагы жана Дубайдагы башкы консулдуктарында жетекчилик алмашты. 14-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Искендер Орусбаев Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду. Бул кызматта ал 2018-жылдан бери иштеп келген. Анын ордуна Хомени Эргешов дайындалды.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарындагы башкы консул болуп Тимур Абдижалил дайындалды. Бул кызматты 2017-жылдан бери Айбек Маматбеков аркалап келген.

Жаңы консулдардын буга чейинки эмгек жолу тууралуу расмий маалымат берилген жок. Ачык булактарда да алар жөнүндө маалымат жокко эсе. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG