Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Ооганстандык футболчу кыздар Пакистанга качып келишти


Ооганстандык футболчу кыздар жана алардын жакындары, Пакистандын Лахор шаары, 15-сентябрь 2021-жыл.
Ооганстандык футболчу кыздар жана алардын жакындары, Пакистандын Лахор шаары, 15-сентябрь 2021-жыл.

Ооганстандагы футбол боюнча кыздар курамасынын бир катар алдыңкы оюнчулары, алардын машыктыруучулары жана үй-бүлө мүчөлөрү Пакистанга качып келишти. Бул тууралуу Ооганстандагы кыз-келиндер курамасынын мурдагы капитаны, Данияда жайгашкан "Кыздардын күчү" бейөкмөт уюмунун директор Халида Попалзай "Фейсбукка" жазды.

"Бүгүн 79 жаш футболчу кыз жана алардын үй-бүлөcү Ооганстандан аман-эсен чыгып кеткенин кубануу менен жарыялагым келет", - деп билдирди Попалзай.

Лондондогу "Тынчтык үчүн футбол" уюмунун элчиси Сардар Навид Хайдер маалымдагандай, Пакистанга качып чыккан футболчулардын арасында 14-16га чыга элек жаш кыздар бар. Алар паранжы жамынып алып, чек арадан өткөнү белгилүү болду.

Пакистандын маалымат министри Фавад Чаудхри футболчу кыздар чек арадагы Торхам өткөрмө бекетинен өткөнүн, алардын колунда жарактуу ооган паспорттору жана Пакистандын визасы бар экенин "Твиттерге" жазды.

"Талибан" кыймылы Кабулду ээлегенден бери он миңдеген ооган жарандары эвакуацияланган. Анын алкагында ооганстандык кыздар курамасынын башка ондогон мүчөлөрү Австралияга көчүрүлгөн болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG