17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 30...32,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 26...31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,
Нарын дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13 градус.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 30…32 градуска чейин ысыйт.