Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Дагы төрт турист космоско учту


SpaceX компаниясынын Драгон кемеси. АКШ, 15-сентябрь 2021-жыл
SpaceX компаниясынын Драгон кемеси. АКШ, 15-сентябрь 2021-жыл

Илон Масктын SpaceX компаниясынын Драгон капсуласы Жердин орбитасына төрт туристти жеткирди.

15-сентябрда НАСАнын Кеннеди борборунан учурулган кеменин экипажы 3 күн ааламда саякаттамакчы. Анын бортунда бир да адискөй астронавт жок экенин белгилей кетели.

Буга чейин, быйыл июлда британиялык бизнесмен Ричард Брэнсон жана миллиардер Жефф Безос космоско өз өзүнчө барып келишкен.

Бул жолку саякатты америкалык миллиардер Жаред Айзекман каржылап, өзү экипажды жетектеди. Сапарга канча акча кеткени айтылган жок. Аны менен кошо саламаттык сактоо системасында иштеген Хейли Арсено, илим тармагында эмгектенген Сиан Проктор жана маалымат аналитиги Крис Семборски учушту. Алар алты айлык тренингден өтүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG