Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Чоң-Алайда "Кайди" компаниясы кайра ишке кирди


"Кайди" компаниясынын имараттары.
"Кайди" компаниясынын имараттары.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан “Кайди” алтын казуучу компаниясы ишин кайрадан улантууда. Ишкана август айынан тарта жолдорду оңдоп-түзөй баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акимчилигинен билдиришти.

Чоң-Алай районунун акиминин орун басары Абдибаит Акматов ишкана былтыр пандемиядан улам ишин токтотконун айтты.

"Кен чыккан жолду оңдоо иштери жүрүп жатат. Былтыр өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу ишмердүүлүгү токтоп калган. Жол оңдоо иштери бүтсө кенди казып баштайт", - деди Абдибаит Акматов.

Акимдин орун басары жергиликтүү бийликтин, "Кайдинин" өкүлдөрү тургундар менен түшүндүрүү иштерин өткөргөнүн кошумчалады.

Чоң-Алайдагы “Кайди” компаниясы алтынды 2009-жылдан бери район аймагындагы Кара-Казык деген жерден казып алат. Компания тоо тектерин Кытайга алып кетип, алтынды ошол жактан өндүрөт.(DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG