Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

АКШ эмделген чет өлкөлүктөргө чектөөлөрдү жеңилдетет


Атланта эл аралык аэропорту.
Атланта эл аралык аэропорту.

АКШ президенти Жо Байден чет өлкөлүктөрдүн өлкөгө киришин чектеген эрежелерди ноябрь айында жеңилдетет.

Коронавируска каршы толук эмделген чет өлкөлүктөргө Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө уруксат берилет.

Ак үйдүн коронавирус боюнча координатору Жефф Зиентс 20-сентябрда билдиргендей, АКШга бара турган чет элдиктер учакка отурар алдында эмделгени тууралуу документти жана вирустун жок экени тууралуу тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл.

Зиентс толук эмделген жүргүнчүлөр обочолонбой турганын кошумчалады.

Мурдагы президент Дональд Трамп Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин, Кытай, Индия жана бир катар башка өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизген. Кийин ал эрежелерди Жо Байден катаалдаштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG